Урматтуу КММАнын окутуучулары менен  студенттери!

Медакадемиянын ректораты жана өзүмдүн атымдан сиздерди Жаңы, 2018-жылыңыздар менен куттуктайм, баарыңыздарга  адамга тийиштүү  жөпжөнөкөй бакыт, чың ден-соолук, ошондой эле ишиңиздерге, окууңуздарга ийгилик каалайм!

img1 29.12.17

 Аяктап бараткан 2017-жыл биз үчүн акжолтой жана жемиштүү жыл болду. Быйыл ЖОЖдун окуу жараянына окутуунун жаңы калыптарын кийирүүнү, окуу программалары менен пландарын өзгөртүүнү, жаңы окуу китептери менен усулдук колдонмолорду түзүүнү уланттык. “Альма-матердин” материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытында да алгылыктуу жумуштар аткарылды. Аудиториялар, класстар,  жатакана  бөлмөлөрү, окуу корпустарындагы кабинеттер менен  коридорлор оңдоп-түзөлдү. Медакадемиянын тарыхында биринчи жолу ЖОЖдун бюджети боюнча студенттердин,  алардын ата-энелеринин катышуусу менен коомдук угууларды өткөрдүк. Учурда бюджеттик каражатты пайдаланууда коррупциялык көрүнүшкө жылчык койбогон башка, бир кыйла натыйжалуу усулдар колдонулууда.  Болочок дарыгерлерди сапаттуу окутуу жаатында КММАнын абырою жылдан жылга өсүп бара жатат. Биз студенттер менен мугалимдерди, окутуу-илимий маалыматтарды, акыркы жетишкендиктерди алмашуу боюнча көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку медициналык окуу жайлары жана клиникалары менен кызматташып келетабыз.

Быйыл Медакадемияда бир нече республикалык жана эл аралык денгээлдеги илимий-теориялык конференциялар, симпозиум менен “айтөгөрөк үстөлдөр” уюштурулду. Арабыздагы  ардактуу академиктерибиз менен профессорлорубуздун даңктуу мааракелерин салтанаттуу кырдаалда белгиледик. Жамааттагы моралдык-иштиктүү кырдаал бир топ жакшырды. Окутуучулар менен кызматкерлердин маянасын көтөрдүк.

2017-жылы  студенттерибиз да өздөрүнүн окуудагы, коомдук иштердеги олуттуу ийгиликтери менен кубантышты. КММАнын далай студенти бизде жана чет жактарда өткөрүлгөн кадыр-барктуу олимпиада, спорттук таймаш, маданий-массалык иш-чаралардын жеңүүчүсү аталды жана аталып жатышат. ЖОЖдун жетекчилиги, деканаттар студенттердин демилгесин такай колдоп, аларга окутуу-билим берүү, кайрымдуулук жана көңүл ачуу мүнөзүндөгү иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүп келүүдө.

Урматтуу достор! Алдыда бизди жаңы окуялар менен жетишкендиктер күтөт. Маалым болгондой, билим берүү менен илим, дегеле педагогдун кесиби талыкпай изденүүнү, окууну  жана адистикти жогорулатууну талап кылат. Андыктан Жаңы жылда сиздерге дагы бир жолу ден соолук, соолбос күч-кубат жана күрдөлдүү  эргүү каалайм! Жолуңар ачылсын!

            Чын дилден,

            И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор

            Индира Кудайбергенова