Дарылоо иши факультети

F lecdelo1939-жылы 16-апрелде Кыргыз ССРинин Эл комиссарларынын кеңеши медициналык институт ачуу тууралуу токтом чыгарган. Бул токтомдун биринчи пункту мындай болгон: «1939-жылдын 1-сентябрынан баштап Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институт ачылсын жана биринчи курска 200 адам кабыл алынсын».

Ошол мезгилден баштап КММИнин бирден бир факультети катары дарылоо иши факультети иштеп келет. Дарылоо иши факультетин жетектеген декандар: профессорлор Тилис Ю.А., Лямцев В.Т., Зурдинов А.З., Мамытов М.М., Мамбеталиев Б.С., Насыров В.А., Кенжаев М.Г. Сатылганов И.Ж. ж.б. Азыркы убакта факультетти Жакыпбаев О.А. жетектейт. 2012 жылы сентябрь айында ректордун буйругу менен Дарылоо иши факультети "Дарылоо иши факультети" №1 жана №2 болуп бөлүнгөн. №1 Дарылоо иши факультетинин жетекчиси болуп м.и.д Бейшенбиева Г. Дж. эмгектенет, ал эми №2 Дарылоо иши факультетинин жетекчиси м.и.д, профессор Куттубаев О. Т. эмгектенет.

F lecdelo2Факультеттин клиникалык базалары: Улуттук госпиталь, Педиатрия жана балдар хирургиясы Улуттук борбору, Терапия жана кардиология улуттук борбору, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору, Городская клиническая больница №1 шаардык клиникалык оорукана, Шаардык перинаталдык борбор, №2 клиникалык төрөт үйү, Улуттук хирургиялык борбор, Шаардык медициналык тез жардам балдардын клиникалык ооруканасы, Онкология жана радиология улуттук борбору, №6, №7, №18 үй-бүлөлүк медицина борборлору.

Дарылоо факультетин бүтүрүп чыккан академиктер: Ахунбаев И.К., Рыскулова К.Р., Алтымышев А.А., Мамакеев М.М., Миррахимов М.М., Кудояров Д.К., Джумабеков С.А. Мүчө-корреспонденттер: Ибраимов А.М., Раимжанов А.Р., Тыналиев М.Т., Адамбеков Д.А., Зурдинов А.З. ж.б. КР илимине эмгек сиңирген ишмерлери жана дарыгерлери, профессорлор: Мамабеталиев Б.С., Алымкулов Д.А., Насыров В.А., Саенко А.И., Ахунбаева Н.И., Нурмамамбетов Ж.Н., Калюжный И.Т., Покровская Т.И., Фейгин Г.А., Ильин А.И. ж.б.

F lecdelo3Дарылоо факультети терапевттерди, хирургдарды, невропатологдорду, акушер-гинекологдорду, травматологдорду, отоларингологдорду, окулисттерди, онкологдорду, дерматологдорду, инфекционисттерди, үй-бүлөлүк дарыгерлерди, фтизиатрлорду, психиатлорду, нейрохирургдарды, урологдорду, жана башка адистиктер боюнча адистерди даярдоо боюнча КММАнын флагманы болуп саналат. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын баардык аймактарында жана КМШ, АКШ, Израил, Германия, Турция, Бельгия, Голландия, Австралия, Кытай, Англия, Ирак, Пакистан, Индия, Непал, Сирия, Корея, Афганистан, Иордания, Греция, Марокко, Судан өңдүү чет өлкөлөрдө да иштеп жатышат. Биздин факультеттин студенттери – дайыма эл араылк илимий практикалык конференцияларга, спорттук мелдештерге, конгресстерге, ар кандай иш чараларга (КВН, “Ала-Тоо жазы”) активдүү катышып келишет. Факультеттин окуу программасы дүйнөнүн алдыңкы программаларынын негизинде түзүлгөн.