Мария Нанаеванын шакирттери мугалимине арнап ыр чыгарды

23 Ноябрь 2017 119

Бүгүн, 2017-жылдын 23-ноябрында  борбор калаабыздагы “Жанат” мейманканасынын конференц-залында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын профессору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги  Мария Токтогуловна Нанаеванын 90 жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин улантып жатат. Кечээ болсо  аны жогорку окуу жайынын баардык кафедраларынын башчылары куттукташты. Алардын арасынан  Мария Токтогуловнанын ысымы берилген базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын окутуучулары айрымаланып, устатынын урматына чыгарылган ырды окуп беришти:

img1 23.11.17

Толкундап аккан дарыя,

Токтогул кызы Мария,

Токсонго толук  толуптур,

Топ элге айттык жарыя.

Кайыптын жары эжебиз,

Кадырлуу адам  ченегис.

Илимде шакирт жүргөндөр,

Ийменип, сыйлап  келебиз.

Аялдан чыгып алгачкы,

Алдыңыз атак ардактуу.

Кыргыздын кыраан кызы деп,

Кыйла жан курчап, жардашты.

Кут болсун өмүр жашыңыз,

Куракты далай басыңыз.

Тарбия берген жетекчи,

Тарыхта калды атыңыз.