КММАда усулдук семинар өтүп жатат

20 Декабрь 2017 24

Бүгүн, 2017-жылдын 20 -декабрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында “Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо” аттуу усулдук семинар өтүп жатат.

img1 20.12.17

Аны кыскача кириш сөз менен ЖОЖдун проректору, профессор Кеңешбек Ырысов ачты. Семинардын ишине катышып жатышкан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү семинардын ишине ийгилик каалап сөз сүйлөштү.

img2 20.12.17

Семинардын жүрүшүндө “Элдик педагогикалык ыкмаларды сабактарда колдонуу өзгөчөлүктөрү” аттуу баяндама окулат. Андан кийин  баланы бишикке бөлөө, элдик медицина жана анын тарыхы боюнча көрсөтмөлүү сабактар өтүлөт. Семинардын катышуучуларына Мамтил улуттук комиссиясынын ыктыярчылар тобуна Медакадемиядан кошулган студенттер тааныштырылат.

img3 20.12.17

Ал эми  билим берүү-илимий иш-чаранын аягында анын жигердүү катышуучуларына тастыктамалар тапшырылышы күтүлөт.