КММАнын тарыхы

КММАнын тарыхы1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар кеңешинин чечими менен токтом кабыл алынган, анын биринчи пунктунда “1939-жылдын 1-сентябрынан баштап Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылсын, 1-курска 200 студент кабыл алынсын” деп жазылган. Бул окуу жайдын пайдубалынын түптөлүшүнө Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынын келген окутуучулар зор салым кошушкан. 1943-жылы медициналык институттун 120 дарыгер биринчи бүтүрүүчүлөрдөн болушкан. 1996-жылдын 5-июлунда Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институту академия болуп өзгөргөн. Институттун калыптанышына алгач Москва, Ленинград, Алма-ата, Ташкент жана башка медициналык институттары жардам беришкен. Алар институттун иштеши үчүн педагогикалык кадрларды жана медициналык китептерди жиберип турушкан. КПСС жана политэкономия тарыхы, нормалдуу анатомия, биология, гистология, жалпы химия, физика, чет тилдер ж.б. кафедралар ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргызстанга эвакуация болуп Харьков медициналык жана стоматологиялык институтунан КММИге окутуучулар келишкен. Согуш учурундагы кыйынчылыктан улам окуу мөөнөтү 4-4,5 жылга кыскарган.

КММАнын тарыхыСогуш бүткөндөн кийин 1948-жылдан баштап окуу мөөнөтү 6 жылга узарган. 50-жылдары институтка кабыл алуу көбөйүп, дарыгерлерди кесиптик даярдоо иши башталган. 60-жылдары институтта техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу билимди текшерүү программасы киргизилген. Сабактарды өздөштүрүүнүн илимий негиздери иштелип чыккан: окуу элементтери, сабакты билүү деңгээли, графологиялык структуралар ж.б.. 70-физиология, патология көйгөйлөрүн чечүү, тоолуу шарттагы медицина боюнча СССРдеги алдыңкы институттун катарына кирген. Республикалык изилдөө базаларында жана лабораторияларында биздин институттун окумуштууларынын жетекчилиги астында биргелешкен илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

КММАнын тарыхы80-жылдары окуу-усулдук жана илим изилдөө процесстери абдан жакшырган. КММИ тоолуу медицинанын маселелерин изилдөө боюнча эл аралык аренага чыгып, эл аралык интеграциялык байланышты чыңдаган. Ректорат базар экономикасынын шартына ылайык чараларды жүзөгө ашырып келет. Контракттык окутуу формасы киргизилген. Окуу-усулдук жана илимий-изилдөө процесстерин жакшыртуу иши аткарылып жатат. 2000-жылдан баштап КММАда эл аралык стандартка туура келген жаңы окуу программасы киргизилген. Бүгүнкү күндө КММАда дарылоо, педиатрия, стоматология, фармация, коомдук саламаттыкты сактоо, жогорку мээрмандык билим берүү жана чет элдик жарандар үчүн факультеттери, медициналык орто окуу жай бар. Мындан сырткары дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультети. Билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Академия жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн дагы дарыгерлерди даярдайт. Аларга билим берүү орус жана англис тилдеринде жүрөт.

КММАнын директору жана ректору болуп иштегендер:

  1. Б. Я. Эльберт (1939-1940),
  2. Ш. И. Удерман (1940-1941),
  3. П. Л. Щупик (1941 – 1944),
  4. С. К. Петухов (1944-1949),
  5. И. К. Ахунбаев (1949-1952),
  6. А. А. Айдаралиев (1952-1955),
  7. Ф. Н. Нургазиева (1955-1962),
  8. В. А. Исабаева (1962-1971),
  9. С. Б. Данияров (1971-1987),
  10. А. М. Мурзалиев (1987-1996),
  11. И. К. Акылбеков (1996-2003),
  12. Т. Мейманалиев (2003-2004),
  13. Д. А. Адамбеков (2004 –2008) ,
  14. И. О. Кудайбергенова (2008-2009), 
  15. А. З. Зурдинов (2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин).