Жетишкендик
9 Декабрь 2025
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери Москвада Сеченов университетинин базасында өткөн онкология жана ядролук медицина боюнча V Эл аралык олимпиадада өз окуу жайын татыктуу деңгээлде тааныта алышты. Иш-чарага ар кыл өлкөлөрдүн алдыңкы медициналык университеттеринин командалары катышып, клиникалык учурларды чечүү, практикалык көндүмдөр жана илимий-аналитикалык тапшырмалардан турган көп баскычтуу сынактар жогорку атаандаштыкта өттү.

КММАнын командасы тыкан даярдыкты, кесипкөйлүктү жана ишенимдүүлүктү көрсөтүп, жарыштын башкы байгеси болгон Гран-прини утуп алды. Бул жеңиш студенттердин үзүрлүү эмгегинин, окутуучулардын колдоосунун жана кесиптик өсүүгө болгон умтулуунун жыйынтыгы болду.Бул ийгилик КММАдагы медициналык билим берүүнүн жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдеп, академиянын эл аралык аброюн бекемдейт. Мындай масштабдуу иш-чараларга катышуу келечектеги дарыгерлерге өнүгүүгө, билим алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Студенттерибизди жана окутуучуларыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы ишмердигинде да ийгиликтерди, илимий жетишкендиктерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!