КММАда «Стоматология» факультетинин студенттери үчүн мастер-класстар жана тренингдер өттү
Билим берүү 8 Декабрь 2025

5–6-декабрда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын терапиялык стоматология кафедрасында «Стоматология» факультетинин студенттери үчүн мастер-класстар жана окуу тренингдери өткөрүлдү.

Иш-чарага Россиядан келген «Медицина лидерлеринин альянсы» (АЛМ) уюмунун лекторлору катышты.

Лектор Петров Наран Андреевич төмөнкү темаларда лекция окуп берди:

  • «Роббердам – комфорт, контроль, качество. Успештүү реставрацияга биринчи кадам»

  • «2-класстагы реставрация. Байланыш бар»

Ошондой эле Петров Наран Андреевич заманбап реставрация ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган практикалык мастер-класстарды өткөрдү.

Лектор Бурдейная Анастасия да «Медицина лидерлеринин альянсы» (АЛМ) тарабынан катышып, төмөнкү багыттарда тренингдерди алып барды:

  • «Диалогду башкар – ар бир пациент менен байланыш түзүү жана сүйлөшүүнү туура жүргүзүү»

  • «Каршы пикирлер менен иштөө – күмөн саноолорду жана баш тартууларды дарылоого макулдукка айлантуу»

Иш-чаралардын жүрүшүндө студенттер клиникалык көндүмдөрдү, заманбап ыкмаларды, ошондой эле пациент менен эффективдүү баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.