Дагы бир жакшы жаңылык

13 Декабрь 2018 101

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 2018-жылдын 11-декабрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Чыңгыз Айтматов-адабий аалам адамы” аттуу студенттердин адабий-чыгармачылык кечесинде И.Ахунбаев атындагы КММАнын стоматология факультетинин 1-курсунун, 1-группасынын студенттери:

img13 4.12.18

1. Абдакимова Жибек дилбаяндар сынагында 1-орунга
2. Майрамбек уулу Кутман ырлар сынагында 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөр дипломдор, акчалай сыйлык жана китептер менен сыйланышты.
          Аталган сынакта И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттеринин жазуу чеберчилиги мыкты экендиги баса белгиленди. Ошондой эле, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинен үзүндү аткарышты. Студенттерди жетектеп барышкан кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Анарбаева Ж.К, Домасбекова С.А., Акылбекова А.А. ыраазычылык баракчаларына ээ болушту.

img13 5.12.18 img13 5.12.18