Соттук медицина жана укук таануу кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедра кызматкерлери
Мукашев Мукамбет Шарипович
Мукашев Мукамбет Шарипович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Турганбаев Айбек Эркинович
Турганбаев Айбек Эркинович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Токтосун уулу Бекжан
Токтосун уулу Бекжан
Кызматы:
Баш мугалим
Асанов Болотбек Асанович
Асанов Болотбек Асанович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Улуу окутуучу
Иманкулов Эрболот Амантаевич
Иманкулов Эрболот Амантаевич
Окумуштуу даражасы:
юридикалык илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Ибраимов Айбек Бектурсунович
Ибраимов Айбек Бектурсунович
Кызматы:
Ассистент
Сулейманов Азамат Сабыржанович
Сулейманов Азамат Сабыржанович
Кызматы:
Ассистент
Губарева Светлана Ильинична
Губарева Светлана Ильинична
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

Кафедра 1942-жылдын март айында түзүлүп, 82 жылдык тарыхы бар. 1989-жылдан баштап кафедра “Соттук медицина жана медициналык укук” аталып келген, андан кийин “Соттук медицина жана укук таануу” деп аталган.

Биринчи кафедра башчысы патологоанатом, профессор Ю.М. Лазовский (1942-1945-жылдары) (сүрөт жок).

Андан кийин патологоанатом, доцент Н. Наумов (1945-1959-жылдары). 1946-1954-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы соттук медициналык эксперт кызматын аркалаган.

1959-жылдан баштап кафедраны доцент С.Х. Хамитов (1959-жылдан 1973-жылга чейин), академик И.В. Давыдовскийдин шакирти жетектеген. Анын иштеген мезгилиндеги негизги шериги кыргыздын тунгуч соттук медициналык эксперти Ш.А.Ачекеев болгон.

1973-жылы конкурстук негизде кафедра башчысы кызматына доцент Б.М. Семенов (1973-1991-жылдары) шайланган. Анын эң жакын санаалашы медицина илимдеринин кандидаты, ассистент М.Ш. Мукашев болгон.

1991-жылдын апрель айында кафедра башчысы болуп доцент Мукашев М.Ш. (1991-жылдан азыркы күнгө чейин), 1998-жылы Новосибирск мамлекеттик медициналык институтунда медицина илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын жактаган.

Жалпы маалымат

Кафедранын максаты:

  1. Студенттерди теориялык жана практикалык талаптарга жооп бере турган денгээлде жана алгачкы тергөө иштеринде адистердин ийгиликтүү иш жүргүзүүсүн окутуп үйрөтүү.
  2. Ар кандай оорулардын патологиялык процесстеринин агымы жана анын морфологиялык өзгөчөлүктөрү менен механикалык жаракаттардан айырмалоо ыкмалары менен тааныштыруу.
  3. Экстремалдык абалдагы морфологиялык өзгөчөлүктөрү (терминалдык абал, өлүм жана өлүк денесинин кубулушу, уулануу, механикалык асфиксия) менен студенттерди тааныштыруу.
  4. Студенттерди соттук медицина экспертизасынын укуктук

регламенттери менен тааныштыруу, ошондой эле медициналык биоэтиканын негизги көйгөйлөрү менен тааныштыруу.

  1. Студенттерди врач катарында, же  врачтардын денгээлинде

ой жүгүртүүсүнө эксперттик көз караштарынын айкалышын калыптандыруу.

Милдеттери: өлүктүн табылган жеринде денесиндеги өзгөчөлүктөрүдү айырмалап жазууну жана аларга соттук-медицина ыкмаларын колдонууну үйрөтүү.

Соттук медицинадагы күч колдонуу же күч колдонбогон натыйжадагы өлүктөрдү изилдөөнү жана табылган жаракаттардын морфологиялык, патологиялык өзгөрүштөрүн, соттук медицина диагноздорун, корутундуларын чыгаруу, ден-соолукка тийгизген терс таасирлеринин даражасын айрымалап жазуу ыкмаларын студенттерге үйрөтүү.

Окуу ишмердиги

Соттук медицина жана медициналык укук кафедрасында студенттер бардык факультеттерде үч тилде: орус, кыргыз жана англис тилдеринде билим алышат. Мындан тышкары кечки белумде Сибирь федералдык округунун жана ВСО-нун факультеттеринин студенттери окушат.

Предметтерге соттук медицина жана медициналык мыйзамдар кирет.

Сабактар ​​медициналык, педиатриялык, стоматологиялык, дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү жана фармацевттер үчүн программалар боюнча өткөрүлөт. Мындан тышкары, кафедра кызматкерлери тандоо курстарын окутушат:

«Өтө оор учурларда соттук-медициналык экспертизанын өзгөчөлүктөрү»

«Заманбап медициналык мыйзамдардын негиздери»

“Кылмыштуулук менен күрөшүү жана укуктук маданият”

Илимий ишмердиги

Илим изилдөө жолдору: ар кандай стресс факторлорунун таасиринен келип чыккан регионардык лимфа түйүндөрүнүн морфологиялык өзгөрүүсүн практикада колдонүү.

Кыргыз Республикасынын климатына байланыштуу өлүк дененин өзгөрүүсүнүн убактысын аныктоо.

Өзүн-өзү өлтүрүү (суицид), жана кишинин наркотикалык заттардан уулануусу.