И.К.Акылбеков атындагы студенттик кампус
Кушчубаев Арфель Талантбекович
Кушчубаев Арфель Талантбекович
Кызматы:
Директор
Комменданттар
1-жатакананын коменданты
Осмонова Жылдыз Осконбаевна
Осмонова Жылдыз Осконбаевна
2,3-жатакананын коменданты
Дмитриева Людмила Ивановна
Дмитриева Людмила Ивановна
Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2018-жылдын 24-апрелиндеги No 106-б “Имараттарды жана курулуштарды жанаша жайгашкан жер тилкелери менен өткөрүп берүү жөнүндө” буйругун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 27-июнундагы No 455 “Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Улуттук фтизиатрия борборунун клиникалык базасынын имараттарын жана курулуштарын, жалпы 6,56 га жер аянты менен чектеш жер тилкелери бар имараттарды жана курулмаларды И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын балансына комиссия менен өткөрүлгөн.

2018-жылдын 2-августундагы №220 буйругунун негизинде Таш-Дөбө студенттик кампусу түзүлүп, ал төмөнкү даректе жайгашкан: Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Школьная көчөсү 20.

Студенттик кампустун негизги ишмердүүлүгү, чет өлкөлүк студенттер үчүн жашоо жана окуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү болуп саналат.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн 08.09.18-жылдагы (№1 протокол) чечими менен “Таш-Дөбө” студенттик кампусуна, профессор Акылбеков Искендер Кадырбековичтин ысымы ыйгарылган.

Студенттик кампуста жалпы 700 (жети жүз) орундук үч жатакана, окуу жана лекция залдары, спорт залдары, окуу жана компьютердик класстары, китепкана жана кир жуучу жай бар. Жатаканада жана окуу корпусунда интернетке кошулууга жана кирүүгө шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле кампуста “крикет” аянтчасы, машыгуу залы жана спорт аянтчасы бар. Студенттик кампусту, оперативдүү башкарууга жатакананын директоруна жана коменданттарына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө студенттик кампустун штатында 39 кызматкер иштейт.

№1 жатакана боюнча маалымат

Осмонова Жылдыз Өскөнбаевна – 1-жатакана жана окуу корпусунун коменданты.

Тел: (0312) 42-10-66

№1 жатакана 167 орунга ылайыкталган; 1, 2, 3 жана 4 орундуу бөлмөлөр бар. Ар бир кабатта раковиналар, душ бөлмөлөрү жана дааратканалар бар. Жатаканада интернетке кошулуу жана кирүү үчүн шарттар бар. Имараттын экинчи жарымында сабактарды өткөрүү үчүн бардык заманбап технологиялар менен жабдылган аудиториялар бар.

№2 жатакана боюнча маалымат

Дмитриева Людмила Ивановна — 2—3 жатаканалардын коменданты.

Тел: (0312) 42-09-30

№ 2 жатаканада студенттер үчүн 290 орун бар, алар 2, 3 жана 4 орундуу бөлмөлөр. Ар бир кабатта раковина, душ, даараткана жана окуу залдары бар. Жатаканада интернетке кошулуу жана кирүү үчүн шарттар бар.

№3 жатаканада студенттер үчүн 243 орун бар, алар 2,  4,  6 орундуу бөлмөлөр. Ар бир кабатта раковиналар, душтар, дааратканалар, окуу залдары жана бейтаптар үчүн изоляциялык бөлмөлөр бар. Дене тарбия сабагы жер төлөдө өткөрүлөт. Жатаканада интернетке кошулуу жана кирүү үчүн арттар бар.