Кадрлык иштер бөлүмү
Кызматкерлер
Молутбекова Айкерим Жыргалбековна
Молутбекова Айкерим Жыргалбековна
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Кусеинова Айдай Рахатбековна
Кусеинова Айдай Рахатбековна
Кызматы:
Улук инспектор
Канатова Айдана Байышовна
Канатова Айдана Байышовна
Кызматы:
Улук инспектор
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кызматы:
Инспектор
Жалпы маалымат

Кадрлар бөлүмүнүн максаты – И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын максаттарына жетүүгө, квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга жана КММА кызматкерлеринин дараметин колдонуунун натыйжалуу тутумун түзүү аркылуу салым кошуу.

Жумушка кабыл алуу атайын иштелип чыккан стратегиялардын жардамы менен ишке ашырылат. Мисалы: бош орундар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары менен ишке орноштуруу кызматтарына берүү, тандоо ыкмаларын колдонуу, адистерди ыӊгайлаштыруу жол-жоболору жана кийинки квалификациясын жогорулатуу.

КММАнын миссиясын ишке ашырууда кадрлар бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- КММАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык санын уюштуруу;

- КММАда кадрлар менен иштөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү камсыз кылуу;

- КММА кызматкерлеринин жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу;

- КММАдагы эмгек тартибин изилдөө жана талдоо, иштеп чыгуу жана тартиптик укук бузуулардын алдын алууга жана болтурбоого, кызматкерлердин өзүнө жүктөлгөн иш багыты боюнча жеке жоопкерчиликти жогорулатууга, ички тартипти сактоого, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашыруу;

- Профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын конкурстук жана тандоонун негизинде алмаштырууну камсыз кылуу;

- КБ иши пландоонун, кызматтык иштин маселелерин чечүүдө жеке башкарууну айкалыштыруунун жана аларды талкуулоодо коллегиалдуулуктун, ар бир кызматкердин тапшырылган аянттагы иштердин абалы жана айрым тапшырмаларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилигинин негизинде уюштурулат.

- Кадр маселелери боюнча кадрлар бөлүмү КММАнын бардык түзүмдүк бөлүмү менен дайыма өз ара аракеттенет.

Кыскача тарыхы

Кадрлык иш, юридикалык иш жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Академиянын административдик-башкаруу курамынын уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү жана документ жүгүртүүнү көзөмөлдөө максатында 2007-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Бөлүмдүн биринчи жетекчиси Юлия Александровна Гетманская болгон.

2009-2014-жылдары Кадрлык иштер, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүн Жолдошев Алмазбек Темирбекович,2014-жылы Исмаилов Анвар Исмаилович, ал эми 2014-жылдын 14-октябрында КММАнын ректорунун   №95 буйругу менен кадрлык иштер секторун Эрежепов Абсабир, 2018-жылдын 4-январынан 25-июлуна чейин секторду Альбина Рафиковна Кутлубаева,2018-жылдын 25-июлунан тарта юридикалык жана кадрлык иш бөлүмүн Жуманалиев Темирбек Жолдошбекович жетектеген.

2022-жылдан азыркы учурга чейин кадрлар бөлүмүн Молутбекова Айкерим Жыргалбековна жетектейт.

Кадрлык иштер, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү кадрлар менен иштөө секторунан, студенттик кадрлар менен иштөө секторунан, юридикалык иш секторунан жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунан турган.

Уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү максатында КММАнын ректорунун 2018-жылдын 12-июлундагы №186 буйругу менен юридикалык бөлүм жана кызматкерлер менен кадрлык иштер бөлүмү КММАнын Юридикалык жана кадрлык иш башкармалыгына бириктирилген.

КММАда башкаруу системасынын сапатын жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу  максатында  И.К. Ахунбаев  атындагы КММАнын ректорунун 2022-жылдын 4-октябрындагы № 347 буйругу менен КММАнын Юридикалык жана кадрлык иш башкармалыгы эки түзүмдүк бөлүмгө, Кадрлык иштер жана Юридикалык бөлүм болуп кайра түзүлгөн.

Кадрлык иштер бөлүмүнүн максаты – КММАнын максаттарына жана миссиясына жетүүгө салым кошуу,  И.К. Ахунбаев атындагы КММАны квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу жана КММА кызматкерлеринин потенциалын пайдалануунун натыйжалуу системасын түзүү, ошондой эле корпоративдик маданиятты калыптандыруу.

Бүгүнкү күндө кадр кызматы заманбап уюштуруучулук техникалар жана AVN, E-Kyzmat жана NISUR сыяктуу адистештирилген программалар менен жабдылган. Автоматташтырылган технологияларды колдонуу кызматкерлердин эсебин жүргүзүүгө, буйруктарды чыгарууга, эмгек өргүүлөрүн берүүнү көзөмөлдөөгө, ар түрдүү аналитикалык маалыматтарды иштеп чыгууга жана башка көптөгөн милдеттерди өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берүүчү HR кызматынын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берди.  Ошондой эле электрондук документ жүгүртүү тутумунда (мындан ары – ЭДЖ) иш жүргүзүлөт.