Редакциялык-басма бөлүмү
Маалымат
Кызматкерлер
Падалкина Наталья Владимировна
Падалкина Наталья Владимировна
Кызматы:
Бөлүм башчы
Мамытов Каныбек Наркозуевич
Мамытов Каныбек Наркозуевич
Кызматы:
Адис
Жалпы маалымат

Редакциялык-басма бөлүмү (РББ) И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналып 2022-жылы түзүлгөн. Бөлүмдүн адистери чыгарылуучу адабияттардын сапатын, анын полиграфиялык аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат, журналдын бардык чыгарылуучу номерлерин академиянын китепканасына өткөрүп берүүнү жана милдеттүү нускаларын Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына өткөрүп берүүнү уюштурат.

Редакциялык-басма бөлүмү рецензияланган жалпыга маалымдоо каражаттарын "И.К. Ахунбаев ат. КММА жарчысы" илимий – медициналык журналына (2009-2023-жж.), ал эми 2024-жылдан тартып "Евразиялык саламаттык сактоо журналына" чыгарат жана ишке ашырат. Журнал – бул көп тармактуу басылма, анын беттеринде медицинанын бардык тармагы боюнча түп нуска илимий эмгектер жарыяланган. Илимий иштердин авторлору КММАнын кызматкерлери гана эмес, КРнын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн медициналык коомчулугу да болуп саналат.

РББнын максаттары

РББнын негизги максаттары –академиянын редакциялык-басма ишин уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруу, КММАнын адистешүүсүнө ылайык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга көмөктөшүү, басылып чыккан илимий-медициналык журналды эл аралык илимий мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.

РББнын негизги милдеттери

РББнын негизги милдеттери:

  • медициналык мекемелердин жана илимий институттардын ишин илимий жактан камсыз кылууга көмөк төштүү;
  • илимий багыт боюнча КММАнын Кыргыз Республикасынын башка билим берүү жана илим-изилдөө мекемелери, башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;
  • илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын чагылдыруу жана жайылтуу;
  • илимдин негизги жетишкендиктерин жайылтуу;
  • илимий изилдѳѳлѳрдүн сапатын жогорулатууга салым кошкон ачык илимий полемиканы калыптандыруу;
  • жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын ылдам жарыялоого көмөктөшүү.