Конференциялар
Башы:
28 Ноябрь 2025
Аягы:
28 Ноябрь 2025
0
«Германияда иштөө: 16d параграфы боюнча дипломду тастыктоодогу типтүү көйгөйлөр жана алардын натыйжалуу чечүү жолдору»
КГМАнын Карьера жана ишке орноштуруу борбору 5-6 курстун студенттерин жана бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөдө жумушка орношууга көмөктөшүү жана Германияда медициналык дипломдорду таануу процесси боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлө турган семинарга чакырат.
Убактысы: 28-ноябрь 2025-ж., саат 15:00
Формат: гибриддүү (офлайн + онлайн)
Өткөрүү жери: КГМАнын конференц-залы
Докладчы:
Александр Финк Германиядагы Zama Vermittlung уюмунун директору.
Семинарда төмөнкү маселелер каралат:
➢ 16d параграфы боюнча дипломду тастыктоодогу кеңири таралган көйгөйлөр;
➢ кесиптик миграция процессинде каталарга жол бербөө үчүн сунуштар;
➢ Германияда ийгиликтүү жумушка орношуу үчүн натыйжалуу стратегиялар жана жолдор.
Бардык кызыкдар бүтүрүүчүлөрдү катышууга чакырабыз!