А.Жапаров онкологиялык борбордун аймагындагы КММАнын бүтпөгөн имаратына барды
Жетишкендик 2 6 Апрель 2023

Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагындагы курулуп бүтө элек имаратка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров барды. Ал КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын, КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенованын, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиеванын коштоосунда имаратты реконструкциялоо жана куруу иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, көп жылдан бери бүтпөгөн курулуш И.К.Ахунбаев атындагы КММАга өткөрүлүп берилген, ал жерде окуу жайдын академиялык клиникасы болот. Болжолдуу түрдө клиника 300 орунга ылайыкташкан.

Узак мөөнөттүү имраттын курулушу 2017-жылдын күзүндө башталган. Баштапкы эскизде жети кабат деп айтылган, бирок каражат нөл циклден төртүнчү кабатка чейин иштөө үчүн гана жетиштүү болгон. Объект бекитилген долбоору жок курулган.