Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору мамлекеттик сыйлыктын ээлерин куттуктады
Жетишкендик 10 31 Январь 2020

Бүгүн, 31 январь 2020 жылы Медакадемиянын ректору Индира Кудайбергенова кезектеги Илимий жыйындын жыйналышында профессор А.Усупбаевди "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишкер" деген ардактуу наамына татыктуу болгондугу үчүн, профессор А.Койбагарованы КРнын Президентинин Ардак грамотасын алгандыгы үчүн, ошондой эле, 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерин медициналык жактан даярдоодо алган "Алкыш каты" менен сыйланган профессор Г.Кожакматованы, Илимдин доктору даражасын алгандыгы менен Р.Курбаналиевди, окутуучулар Кундуз Карбозованы жана Эмир Жолдошевду республикалык жана улуттук сыйлыктардын номинанты жана лауреаты болушу менен КММАнын "Алкыш каты" менен сыйлады. Айта кетсек, Президенттик стипендиянын ээлери болгон окуу жайдын студенттери Эркинай Кадырбекова, Диана Жакыпова жана Аскат Абдыкеримов да каалоо, куттуктоолорго татыктуу болушту.