КММА-жаңы жетишкендик! Биз эл аралык рейтингде 4 жылдыздуу QS Stars Ranking сертификатка ээ болдук
Жетишкендик 4 Февраль 2025

Терең талдоо жана кенен баалоо боюнча QS Stars системасынын негизинде, КММА бир катар категориялар боюнча жогорку баа алып, Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин бири экенин тастыктады. Айрыкча белгилеп өтүү керек, окуу, инфратүзүм, жумушка орноштуруу, жакшы башкаруу жана медицина тармактарында академия максималдуу рейтинг – 5 жылдызга ээ болду. Белгилей кетсек, QS Stars– бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү мекемелерин баалоонун комплекстүү система.

Ал Quacquarelli Symonds тарабынан иштелип чыккан – жогорку билим берүү тармагында дүйнөдөгү алдыңкы компания, университеттердин рейтингдерин жана бааларын түзүүдө өз тажрыйбасы менен таанымал. QS Stars тереңден билим берүү мекемелеринин күчтүү жана алсыз жактарын изилдеп, традициялык рейтингдердин чегинен чыгып, студенттер жана кызыктар тараптар үчүн ЖОЖду тандаган учурда негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү кеңири критерийлерге көңүл бурат. Рейтинг университеттерди 11 түрдүү категориядагы 30 индикатор боюнча баалайт.
Ал эми традициялык рейтингдерден айырмаланып, QS Stars иштин натыйжалуулугун эл аралык стандарттарга ылайык өлчөп, билим берүү мекемелерин бири-бирине салыштырбастан объективдүү баа берет.
QS Stars рейтингиндеги төрт жылдыздуу университет макамы медакадемиянын билим берүү тармагында улуттук жана эл аралык деңгээлде бекем ордун тастыктайт жана  чет өлкөдө дипломдорунун жогорку баалануусуна шарт түзөт.
Бардык студенттерге, окутуучуларга жана кызматкерлерге ушул жыйынтыкка жетишүүдө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алдыда дагы көп иш бар, бирок биз өз көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртуу жана репутациябызды чыңдоо үчүн туура жолдобуз