КММАнын кызматкерлери Кыргыз туусу гезитинин номинациялары менен сыйланды
Жетишкендик 7 28 Март 2022
Кыргыз туусу гезити жыл сайын 8-март аялдардын майрамына карата республика боюнча жеке ийгиликтери, өлкөнүн экономикасына, социалдык өнүгүүсүнө, маданиятына, саламттык сактоо жаатына кошуп жаткан зор эмгектерин белгилеп «Кыргыздын кыраан кыздары» номинациясын уюштуруп келет.
 
 
Айта кетсек, бул номинацияга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын башчысы Тамара Абаева, С. Б. Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын окутуучусу Нуржамал Жаманкулова татыктуу болушту.
 
 
Мындан тышкары 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Кыргыздын мекенчил инсандары» аталган номинациянын да жыйынтыгы чыгарылып, ага КММАнын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын доценти Масалбек Сатыбалдиев татыктуу болду.