КММАнын кызматкерлери “МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” аталышындагы макалалар сынагы боюнча сыйлыктарга ээ болушту
Жетишкендик 5 22 Декабрь 2021

КММАнын кызматкерлери Сапаргүл Наралиева  И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы “Медициналык окуу жайлардагы улуттук идеология”жана Алтынай Акылбекова  И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу.  “Канткенде кыргыз тилин өнүктүрө алабыз?”  деген макалалары  менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32 жылдыгына карата 2021-жылдын 3-августунда бекитилген Жобого ылайык “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы Улуттук комиссия тарабынан жарыяланган  макалалар сынагына катышып, эмгектери жогорку баага татыган.

Айта кетсек, сынакка бир ай ичинде жалпысынан  60 макала келип түштү. Ага Кыргызстандык бардык жерлеринен  мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Макалалар актуалдуулугу жана жаңычылдыгы, сабаты (орфографиясы), оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги (анализ) боюнча бааланып, жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй аныкталды.