КММАнын ординаторуна Кусейин Карасаев медалы тапшырылды
Жетишкендик 4 28 Апрель 2021

Кечээ, 2021-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев  кыргыздын чыгаан аалымынын мурастарын иликтеп, эл арасына жайылтуу боюнча астейдил аракеттенип жүргөн  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординатору Алихан Ибраимовго Кусейин Карасаев медалын тапшырды.

Профессор А.Мусаев  жаш окумуштууга  албан-албан чыгармачылык, изилдөөчүлүк  ийгилик каалады. 

Сыйлоо аземине  БГУнун жетекчилери, окутуучулары катышты.