КММАнын СТУДЕНТИ “КР МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ - 2023” СЫНАГЫНДА I ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
Жетишкендик 0 1 Декабрь 2023

КММАнын Медициналык алдын алуу факультетинин 5-курсунун студенти Токтобек уулу Ариет республикалык “Кыргыз Республикасынын мыкты студенттери-2023” сынагынын жыйынтыгы менен 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан эки миңге жакын студент катышып, анын ичинен 100 адам кийинки турга өттү. Сынактын жыйынтыгы менен студенттер 1, 2, 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чаранын программасында Президенттик форумга катышуу да камтылган.

Белгилей кетсек, “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму “Билимкана Арена” спорт комплексинде КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.