КММАнын студенттери Ч.Айтматов тууралуу баяндама окушту
Жетишкендик 2 3 Декабрь 2018

Жакында заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Адабияттын өлбөс, өчпөс мурасы –Чыңгыз  Айтматов”, ошондой эле  Билим берүүдөгү информациялык технологиялар институтунда “Чыңгыз Айтматов –ХХ  кылымдын феномени” аттуу студенттик илимий-практикалык конференциялар өттү.

Ага И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттерди катышып, диплом жана сертификаттар менен сыйланышты. Биздин студенттердин баяндамалары эң жогорку деңгээлде экендиги баса белгиленди. Студенттердин илимий жетекчилери, кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Н.Касымбекова жана Ж.Анарбаева ыраазычылык баракчаларына ээ болушту.