И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын №1 дарылоо иши факультетинин студенттери Кыргыз-Өзбек университети уюштурган конкурста жеңүүчү аталышты.
Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жарыялаган бир айлыктын негизинде Кыргыз-Өзбек университетинин Мамлекеттик тил боюнча бөлүмү студенттер арасында кыргыздын тунгуч лексикологунун 120 жылдыгына карата жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Айта кетсек, дилбаян жазуу сынагы боюнча №1 дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти Токоев Самат I даражадагы диплом, №1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти Дайырбекова Нурлиза III даражадагы диплом менен сыйланышты. Ал эми, жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Акылбекова Алтынай ыраазычылык катка ээ болду.