КММАнын студенттери ЖОЖдор аралык олимпиададан байгелүү орундарга ээ болушту
Жетишкендик 0 15 Апрель 2024

2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУда Мамлекеттүүлүктүн100 жылдыгына карата кыргыз тили боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада болуп өттү.

Олимпиадага И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

Окутуу англис тилинде жүргүзүлгөн дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти Ражпурохит Вишакха 1- орун, педиатрия факультетинин 1-курсунун студенти Садатканова Нуркыз Аркытбековна 2- орунду багындырышты.

Жетекчилери кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна, кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Саламат кызы Альмира