"Анатомия жана мен" Универсиадада КММАнын командалары 3-орунду ээледи
Жетишкендик 0 5 Январь 2024

2023-жылдын декабрында Адам анатомиясы боюнча академик М.Р. Сапина атындагы 6-Москва эл аралык "Анатомия жана мен" Универсиадасы  болуп өттү. Олимпиада И.М. Сеченов атындагы Москва мамлекеттик медициналык университетинин дубалында болуп өттү. КММАнын "Prominens de kgma",  "Атланта" командасы 3-орунду ээлеп, медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле командалардын сынактагы үй тапшырмасы өзүнчө белгиленип,  "Мыкты кроссворд"сыйлыгы менен сыйланышты. Универсиада 6 бөлүмдү камтыды: анатомиядагы теория, үй тапшырмасы, оюн, латын терминологиясы, анатомиядагы практика (кадавер), блиц-сынак лабиринттери. Олимпиаданын катышуучулары өздөрүн мыкты жагынан көрсөтүштү. Ошондой эле командалар аталган олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн КММАнын жетекчилигине чоң ыраазычылык билдиришет.