КММАнын командалары Москвадагы педиатрлардын форумунда эки номинация боюнча жеңишке жетишти
Жетишкендик 2 29 Май 2019
Биздин ЖОЖдун «Less is more» жана «Стражи детства» аттуу эки командасы И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва медициналык университетинде студенттер жана  жаш окумуштуулардын эл аралык катышуу менен өткөрүлгөн Биринчи Бүткүл Россиялык предиатриялык форумунда эки номинация боюнча жеңишке жетишти. Биринчи команда “Базалык жүрөк-өпкө реанимациясы” номинациясындагы эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланса, экинчи команда көрүүчүлөрдүн симпатиясына ээ болгондугу үчүн сыйланды. Эки команда Жеңишке умтулуу” номинациясы боюнча да байге алды. 

КММАнын аспиранты Майрам Кошукеева форумдун алкагында уюштурулган илимий конференцияда үчүнчү даражадагы Дипломго татыктуу болду. Ал эми командалардын жетекчилери, неонатология курсу бар госпиталдык педиатрия кафедрасынын мугалимдери Жаңыл Мустапаева менен Наталья Вычигжанинага уюштуруучулардын атынан алкыш каты тапшырылды.