Куттуктайбыз!
Жетишкендик 7 3 Октябрь 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 1-октябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ординаторлору Пахридинова Гүлназ жана Эраалыева Элнура Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына ээ болушту. Мындай сыймыкка Гүлназ Сузак райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунда, ал эми Элнура Ак-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунда таажы вирусу менен ооруган адамдарды дарылоодогу ак эмгектери аркылуу жетишти.
Медакадемиянын жалпы жамааты жаш дарыгерлерди мамлекеттик сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын иштерине ийгилик, өздөрүнө ден соолук, бакыт-таалай каалайт!