КММАнын медициналык борбору “Үлгү-2022” сыйлыгынын жеңүүчүсү болду
Жетишкендик 1 19 Декабрь 2022

КММАнын окуу-дарылоо-илимий медициналык борбору коллективдин кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги, билим берүү программаларынын алкагында алдыңкы медициналык тажрыйбаны, билимди жана көндүмдөрдү өткөрүп берүүгө умтулуусу, калкка сапаттуу медициналык кызматтардын кеңири спектрин көрсөткөндүгү үчүн «Үлгү-2022» сыйлыгынын жеңүүчүсү болду.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 17-декабрында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу «Үлгү-2022» номинациясы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жеке гана уюмдар эмес мамлекеттик медициналык уюмдар да катышкан иш-чара болуп өттү.

Негизги тандоо критерийлери төмөнкүлөр болду: миссия, максаттар жана милдеттер; кызматкерлердин квалификациясы; жабдуулар, жабдуулардын сүрөттөлүшү; эл аралык сертификаттар; кызмат көрсөтүү, көрсөтүлүүчү кызматтардын комплекси; дарылоо ыкмалары; добуш берүү жана пикир.

Иш-чаранын уюштуруучулары КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен «МедФарм Консалтинг» ЖЧКсы.