Ажыдаар топ жылдызында КММА атындагы жылдыз
Жетишкендик 2 18 Июнь 2019

Улуу ажыдаар топ жылдызында жайгашкан эки жүз жылдыздын бири,  Кыргызстандагы медициналык билимдин флагманы болгон Медициналык акдемиянын 80 жылдык мааракесине карата,  КММА атындагы жылдыз болуп аталды. Бүгүн, 2019 жылдын 18 июнунда жогорку окуу жайдын жалпы тажрыйба хирургия  комбустиология курсу менен кафедрасынын профессору, медицина илиминин доктору Акылбек Мусаев жетектеген “Жылдыз белекке” кыймыл демилгечилери салтанаттуу шартта Роскосмостун астрометриялык каттосундагы сертификатты тапшырды.

Айта кетчү нерсе, Ажыдаар топ жылдызы уюлга жакынкы топ жылдызТубан аттуу жылдызы Мицар менен Кичи жетигендин чөмүчүнүн эки жарык жылдызынын ортосунда жайгашкан. Ал болжолу 2,5 миң жыл мурда уюлдук жылдыз болгон, кайрадан 20 миң жылдан кийин уюлдук жылдыз болот.