Жетишкендик
1
6 Октябрь 2022
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору, КММАнын эмгек ардагери Абдыкадыр Асамбаевди Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык – «Даңк» медалы менен сыйлады.
Белгилей кетсек, Абдыкадыр Асабаевич, 120 илимий макаланын жана 12 рационализатордук сунуш жана 2 ойлоп табуунун автору.