Студенттердин жана жаш окумуштуулардын IV Бүткүл россиялык педиатриялык форумунда КММАнын өкүлдөрүнүн баяндамасы 3 даражадагы диплом менен сыйланды
Жетишкендик 0 24 Май 2023

Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын кызматкери, «Тукум куучулук жана айлана-чөйрө» ийриминин илимий жетекчиси б.и.к., доцент Жаңыл Солтобаева жана ийримдин мүчөсү, педиатрия факультетинин 6-курсунун студенти Акылай Токтосунова Студенттердин жана жаш окумуштуулардын 2023-жылдын 15-майынан 6-майына чейин өткөрүлгөн IV Бүткүл россиялык “Виртуоз” педиатриялык форумунун эл аралык катышуусу менен өткөн илимий-практикалык конференциясына катышты.

Конференцияны Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети (Москва) уюштурган.

КММАнын өкүлдөрүнүн «КРнын Кегети айылындагы жана Бишкек шаарындагы өспүрүмдөрдүн физикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү» деген темадагы баяндамасы III даражадагы диплом менен сыйланды. Илимий иш Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун Медициналык факультетинин физика, медициналык информатика жана биология кафедрасынын кызматкери Н.Калимова жана Дарылоо иши факультеттин студенти Алмаз кызы Камилла менен биргеликте жүргүзүлдү.