Президенттик стипендияга ээ болгон студенттер
Жетишкендик 11 16 Апрель 2021

Редакциядан: 2020-жылдын аягында республикабыздын эң алдыңкы студенттери Кыргыз Республикасынын Президентинин жыл сайын берилүүчү стипендиясына татыктуу болушту. Алардын арасында Медакадемиянын алты студенти да бар.

Мындай жогорку сыйлыкка арзыган студенттерибиз сабактарын “эң жакшы” баага окушат, ЖОЖдун коомдук иштерине, анын ичинде, илимий иштерге жигердүү катышып жүрүшөт. Биз сыйлык ээлерин дагы бир жолу олуттуу жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, алар тууралуу айрым маалыматтарды жана фотосүрөттөрдү жарыялайбыз.

Абышев Жоодат

КОВИД-19 оорусу менен күрөшүүдөгү ыктыярчы, дарыгердин жардамчысы (июль-август 2020-жыл). Анатомия боюнча биринчи эл аралык онлайн олимпиаданын жеңүүчүсү (май, 2020-жыл). “Педиатрлардын оюндары” студенттик олимпиадасынын жеңүүчүсү (декабрь 2019-жыл). Өзбекстандын Анжыян шаарында өткөн симуляциялык ыктар боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү (декабрь 2019-жыл.) Чолпон-Ата шаарында өткөн морфология боюнча эл аралык «Innovations in Medical Science and Education» олимпиадасынын жеңүүчүсү (2019-жыл). “Футбол баары үчүн” мелдешинин уюштуруучусу жана баскетбол боюнча факультеттер аралык мелдештин күмүш байгесинин ээси (октябрь 2019-жыл). 2019-жылдын апрель айында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУда окуган. Академик С.Б.Данияровго жана КММАнын 80 жылдыгына арналган нормалдуу жана клиникалык физиология боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү (2019-жыл). Профессор Г.Л.Френкелдин элесине арналган патофизиология боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү (2018-жыл). Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдын уюштуруучусу, “Жумгал-Шортон» командасынын курамында хоккей боюнча республикалык мелдештин жана башка мелдештердин жеңүүчүсү, “мыкты коргоочу” номинациясынын ээси. Андан сырткары клиникалык анатомия жана лимфология боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү, ошондой эле латын терминологиясы боюнча конференциянын катышуучусу (ноябрь 2016-жыл).

Мирланова Гүлайым

2017-, 2018-жылдардагы “КММАнын илим күндөрү” иш чарасынын катышуучусу. Университеттер аралык алгачкы практикалык конференциянын ("Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы: заманбап дүйнөдө колдонуу моделдери"), "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу көйгөйлөрү жана аспектилери" аттуу илимий-практикалык конференциянын, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган студенттик илимий-практикалык конференциянын, «Адабияттын өлбөс-өчпөс мурасы–Чынгыз Айтматов» аттуу илимий-практикалык конференциянын, Ч.Айтматовдун чыгармалары – дүйнөлүк руханияттын феномени» аттуу Республикалык студенттик илимий-практикалык конференциянын катышуучусу жана байгелүү орундардын жеңүүчүсү. "Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн мыкты изилдөө иши" улуттук сынагынын жеңүүчүсү. ШКУга мүчө

мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин "ШКУнун II Сибирдик модели” жыйынынын, "Келечекти бирге курабыз" эл аралык студенттер форумунун, "Түрк маданиятынын контекстинде билим берүүнү гумандаштыруу” студенттик илимий конференциясынын, студенттер арасындагы "Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу" аттуу илимий докладдардын эл аралык конкурсунун, Эл аралык илимий эмгектердин жана жаш изилдөөчүлөрдүн долбоорлорунун "Санарип аймак - 2020" конкурсунун сыйлыктарын алган. "Маскарад Кубогу - 2016" дебаттык турнирин уюштургандыгы үчүн сыйланган. "Дүйнөлүк тилдердин жана маданияттардын биринчи эл аралык фестивалы: ар түрдүүлүктөгү биримдик" иш чарасына, "+100 жашоого" ыктыярдуу долбооруна катышкан. КММАнын “Дарыгер” гезитинин редакциялык кеңешинин мүчөсү. Ошондой эле Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган дебаттык турнирдин, ЮНИСЕФтин "Өлкөнү иммундаштыруу" долбоорунун, ЮСАИДдин “Civic EngagmentCamp» долбоорунун катышуучусу. Ош шаардык мэриясынын "Ала-Тоодон Кара деңизге чейин" эл аралык студенттер форумун уюштурууга жардам бергендиги, "Газпром Нефть Азия" компаниясы менен биргеликте уюштурулган "Жашоого +100 социалдык-билим берүү долбоору" үчүн сыйланган.

Секалиева Деңиз

КММАнын илим күндөрүндө II даражадагы сертификат алган, макала жарыялаган (2019-жыл.) “Медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекциялар жана микробго каршы дары-дармектерге микроорганизмдердин туруктуулугу” аттуу конференциянын, IV эл аралык “Улуттун ден соолугу – жемиштүү келечектин негизи” деген медициналык форумдун, ошондой эле профессор А.К.Кадыралиевдин жаркын элесине арналган патофизиология боюнча факультеттер аралык II олимпиадага, КММАнын 80 жылдыгына арналган үй-бүлөлүк медицина боюнча олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификат алган. Андан тышкары, 2018-жылы “КММАнын илим күндөрүнө” катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланган жана аталган иш-чаранын алкагында өткөн Практикалык медицина мектебинин сертификатын алган. Факультеттер аралык хирургия олимпиадасына катышкандыгыучун 1 даражадагы диплом менен сыйланган. Башка сертификаттары: Академик С.Б.Данияровдун жаркын элесине арналган физиология боюнча факультеттер аралык олимпиадага, "КММАнын илим күндөрү" илимий-практикалык конференциясын уюштурууга жана өткөрүүгө, КММАнын 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга, "Конфликттер жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү" деген тренингте, "Аканов окуулары" II эл аралык илимий-практикалык конференцияга, И.К.Ахунбаевдин 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга, “Педиатрлар оюндары" эл аралык илимий-практикалык конференцияга, КРСУнун медициналык факультетинин 25 жылдыгына арналган морфология, клиникалык анатомия жана хирургиялык ыктар боюнча студенттердин III олимпиадасына катышкандыгы үчүн.

Досматова Аида

Пропедевтика боюнча студенттер аралык I олимпиаданын, патофизиология боюнча факультеттер аралык II олимпиаданын, физиология боюнча факультеттер аралык олимпиаданын катышуучусу. “КММАнын илим күндөрү -2019” иш-чарасынын катышуучусу жана биринчи даражадагы дипломдун ээси. “Вегетарианчылык: пайдабы же зыянбы?” аттуу илимий иштин автору. Орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт, немис тилин билет.

Анарбек кызы Перизат

Коронавирус инфекциясы менен күрѳшүүгѳ кошкон салымы үчүн КММАнын ректорунун Ардак грамотасын, «Жеңүүчүлѳр мууну» дебаттык турниринин «Мыкты судьясы» наамын, «Anadolu cup 2020» дебаттык турнириде 2-орунду, «Intellect cup» дебаттык турниринде «Мыкты спикер» наамын, «Bilimcup» дебаттык турниринде 1-орунду, «Чыгыш кап» турниринде «Мыкты спикер» наамын, Кыргыз дебатынын ѳркүндѳшүнѳ салым кошкондугу үчүн диплом, “Түрк дүйнѳсүнүн контекстиндеги билим берүүнүн гумандашуусу» студенттик илимий-практикалык конференциядагы докладдардын конкурсунда 2-даражадагы диплом жана активдүүлүк үчүн Ардак грамота, «Медициналык алдына-алуу иши» факультетинин коомдук жашоосуна катышкандыгы үчүн Ардак грамота, «Кыргыз-казак» бир тууган эл аралык дебаттык турнирине салым кошкондугу үчүн ыраазычылык кат, жигердүү ыктыярчылык жана КММАнын ѳнүгүшүнѳ салымы үчүн ыраазычылык кат, Какиш Рыскулованын 100 жылдыгына арналган “КММАнын илим күндөрү-2018” иш-чарасынын тийиштүү секциясында 1-орун жана активдүүлүк үчүн тастыктама, .«Эл аралык эне тил күнү» олимпиададасында долбоор жактоо боюнча 2-даражадагы диплом, «Манастын урпактары» дебаттык турниринде 3-орун, DAAD, Кышкы мектеп, «Р.Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондусу жүзөгө ашырган долбоорго активдүү катышкандыгы үчүн тастыктама алган.

Маткасимов Арлен

Клиникалык анатомия жана лимфология боюнча эл аралык олимпиадада 2-орун, Башкортостан Республикасынын 100 жылдыгына арналган микробиология боюнча эл аралык студенттер олимпиадасында 3-орун, .Медициналык терминология жана клиникалык анатомия боюнча II эл аралык ЖОЖдор аралык студенттер олимпиадасында 3- орун, МУКтун 25 жылдыгына, Эл аралык медицина жогорку мектебинин 15 жылдыгына арналган морфология жана хирургия боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадада 1- орун, Морфология, клиникалык анатомия жана хирургиялык ыктар боюнча III студенттик олимпиадада 2- орун, «Медицина илиминдеги жана билиминдеги инновациялар» илим жана практика боюнча эл аралык жогорку окуу жайлар аралык конференцияда 2- орун, Патофизиология боюнча эл аралык интеллектуалдык олимпиадада ( профессор Х.С.Насыбуллиндин 100 жылдыгына карата, Алма-Ата ш.) 2 –орун, Профессор А.К.Кадыралиедин жаркын элесине арналган патофизиология боюнча II факультеттер аралык олимпиадада 1- орун алган. «Ички оорулардагы клиникалык экспертизанын негиздери» студенттик олимпиадасынын байгесинин ээси, Кыргыз тил күнүнө арналган дубал гезиттер сынагынын жеңүүчүсү, ошондой эле профессор Б.Я.Эльберттин - И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын негиздөөчүсүнүн 125 жылдыгына арналган микробиология, вирусология жана иммунология боюнча I эл аралык олимпиаданын, «Kyrgyz quiz» интеллектуалдык оюнунун катышуучусу. COVID-19 илдети менен күрөшкөндүгү үчүн Ноокат аймактык ооруканасынан ыраазычылык кат алган.