КММАнын профессору " УЛУУ УСТАТ" ордени менен сыйланды
Жетишкендик 3 Февраль 2025

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы, Кыргызстандын травматологдор, ортопеддер Ассоциациясынын Президенти, КР УИАнын академиги, м. и. д., профессор Сабырбек Жумабеков шакирттеринин шакирттери тарабынан "УЛУУ УСТАТ"ордени менен сыйланды.

Сабырбек Жумабеков – 620дан ашуун илимий эмгектин, 119ойлоп табуунун  жана 28 рационализатордук сунуштун автору. Анын жетекчилиги менен 12 илимдин доктору, 50 илимдин кандидаты даярдалган, учурда 25 кандидаттык жана 6 докторлук диссертация бүтүү алдында. Казакстандан  2 илимдин докторун, 5 кандидатын, 3 PhD докторун жана 100дөн ашуун травматолог-ортопед дарыгерлерин, Россия Федерациясынан 8 медицина илиминин докторун даярдаган.  Профессордун бардык шакирттери чогулуп,  илимий жетекчисине ыраазычылык билдиришти. Алар Сабырбек Жумабековду "УЛУУ УСТАТ"деген жазуусу бар алтын орден менен сыйлашты. Орден жергиликтүү зергерлер тарабынан алтын жана күмүштөн жасалган. Кубанычтуу окуя менен куттуктоо үчүн Германиядан кесиптештери да келди.