КММАнын профессору “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” болду
Жетишкендик 0 26 Сентябрь 2023

Кечээ, 2023-жылдын 25-сентябрында Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, област башчысы Иманбетов Ильязд Женишовичтин атынан медицина илимдеринин доктору, Кыгыз Медициналык академиясынын Балдар оорулар пропедевтикасы кафедрасынын профессору Мамырбаева Турсун Турганбаевнага областтын коомдук-саясий турмушуна кошкон зор эмгеги жана өзгөчө салымы үчүн «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.

Ыйгаруу аземи И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өттү. Окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова келген конокторду жылуу кабыл алып, ыраазычылык билдирди.