Профессор Маттиас Брайдерт Республикалык диагностикалык-дарылоо борборуна кайрадан келди
Жетишкендик 12 Май 2025

2025-жылдын 28-апрелинен 3-майына чейин И.К. Ахунбаев атн. КММАнын Академиялык №7 «РДДБ» клиникасынын гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнө Гастроэнтерологиялык фонддун (Германия) вице-президенти, м.и.д., профессор Маттиас Бридерт дагы бир жолу келди.

Сапардын жүрүшүндө профессор Брайдерт бөлүмдүн дарыгерлери жана КММАнын кафедра кызматкерлери — Б.К. Осмоналиев, А. Э. Элдиярова жана Б. А. Атакулов менен биргеликте кызыл өңгөчтүн стриктурасы жана бөтөн денелери, гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу, ашказандын ичеги метаплазиясы жана карын-ичеги системасынын шишиктери менен ооруган 30га жакын бейтапка консультация жана кароо жүргүздү.

Сапардын маанилүү этабы жергиликтүү адистер менен билим берүү иштерин улантуу болду: профессор татаал гастроэнтерологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, окутуучу мастер-класстарды өткөрдү.

Клиниканын дубалдарында биринчи ЭРПХГ (эндоскопиялык ретрограддык панкреатохолангиография) менен ЭПСТ (эндоскопиялык папиллосфинктеротомия) жалпы өт каналынын стриктурасы боюнча операциясын жасоо өзгөчө мааниге ээ болгон. Операция профессор ала келген заманбап эндоскопиялык жабдууларды жана С-жаа менен рентгенохирургиялык системаны колдонуу менен жүргүзүлдү.

Клиниканын жана КММАнын жетекчилиги профессор Брайдертке республикадагы эндоскопиялык кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле ата мекендик адистер менен тажрыйба жана жаңы технологиялар менен бөлүшүүгө дайым даяр экендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.