Профессор Кеңешбек Ырысовго "Кыргыз тили" төш белгиси тапшырылды
Жетишкендик 2 11 Сентябрь 2019

Бүгүн, 10-сентябрда И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Кеңешбек Ырысовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын "Кыргыз тили" төш белгиси тапшырылды. Азем "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамынын 30 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин Чоң залында өттү. Куттуктайбыз!