КММАнын РДД борбору «Эл сыймыгы» сыйлыгы менен сыйланды
Жетишкендик 3 22 Декабрь 2022

2022-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик гезитинин «Эл сыймыгы» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Айта кетсек, И.К.Ахунбаев атындагы Республикалык диагностикалык медициналык борбору «Эл сыймыгы» номинациясы менен сыйланды.

  

«Республикалык диагностикалык борбор» 30дан ашык адистик боюнча консультациялык-диагностикалык кызмат көрсөтүү боюнча 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар Кыргызстандагы жападан жалгыз медициналык мекеме экенин белгилемекчибиз. Ошондой эле, жогорку кесипкөй адистердин уникалдуу командасы, алардын көбү өлкөнүн чегинен тышкары да белгилүү. Борбордо жогорку категориядагы доктор, профессор, медицина илимдеринин кандидаттары иштөөдө.

  

Сыйлыкты алып жатып, башкы дарыгер М.Искаков бул сыйлык борбордун жалпы жамаатынын эмгеги жана сыймыгы экенин белгиледи!