Медакадемиянын мугалимдери жана студенттери сыйлыктарга татыктуу болушту
Жетишкендик 6 31 Май 2019

19-жылдын 31-майында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Орозобаевна Кудайбергенова Окумуштуулар Кенешинин жыйынында окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлери А.Сыдыковага, М.Кадыровго, Ф.Сулейменовага жана Г.Лукашевичке "КММАга синирген эмгеги үчүн" медалын тапшырды.

Медакадемия жамаатынын алты мүчөсү ишиндеги ийгиликтери үчүн Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле, дарылоо иши факультетинин студенттери Ж.Анашбаев, Ж.Назарбеков жана Р.Сабыров Сулайман Иманбаев атындагы стипендиянын ээлери болушту. Ал эми факультеттик хирургия бөлүмүнүн ассистенти С.Айтбаевге медицина илимдеринин доктору күбөлүгү тапшырылды. Профессор Н.Бримкуловго, Н.Каракеевага жана С.Джусупбековго дистанттык окууну бүтүрүшкондүгү үчүн “үй-бүлөлүк дарыгер” адистиги Россиялык кесиптештери тарабынан ыйгарылды.

Бул жыйында окутуучулардын жана студенттердин улуттук жана эл аралык мелдештердеги, олимпиада жана форумдардагы жетишкен ийгиликтери белгиленди. Алардын арасында Бухарадагы дарыгер-студенттерге биринчи эл аралык арналган конференцияда байгелерге жетишкен А.Таалайбекова, Ш.Чаткалбаева, А.Уларбекова, профессорлор-З.Айдарбекова менен Ж.Махмудова, декан Т.Абаева, ага окутуучу Н.Касымбекова, окутуучу Ж.Дуйшеналиева, аспирантка М.Кошукеева, студенттер-А.Алымкулова, Н.Чынгышбек уулу жана ушул сыяктуу таланттуу студенттер бар.