Сабырбек Джумабеков – Scopus базасына кирген беделдүү илимий журналдын редакциялык коллегиясындагы жалгыз чет элдик өкүлү
Жетишкендик 16 Апрель 2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия Илимдер академиясынын академиги, Улуттук травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Артисбекович Джумабеков Н.Н. Приоров атындагы “Травматология жана ортопедия вестниги” аттуу беделдүү илимий басылманын редакциялык коллегиясына кирген жалгыз чет элдик өкүл болду. Бул окуя анын илимий жетишкендиктеринин эл аралык деңгээлде жогору бааланып жатканын жана Кыргызстандын дүйнөлүк илимий чөйрөдөгү позициясын бекемдеп жатканын айгинелейт.
 
 
Н.Н. Приоров атындагы “Травматология жана ортопедия вестниги” журналы травматология жана ортопедия жаатындагы изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн алдыңкы аянтча болуп саналат. Анын Scopus эл аралык маалымат базасына кириши журналдын маанилүүлүгүн жана жогорку илимий деңгээлин тастыктап, дүйнөлүк окурмандар үчүн жеткиликтүү кылат. Академик Джумабековдун бул журналдын редакциялык коллегиясындагы мүчөлүгү эл аралык илимий кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосундагы байланыштарды бекемдейт.