Түркиянын Анталия шаарында “Сөөк жана муун” аттуу эл аралык конгресс болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарада Улуттук травматология жана ортопедия борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков “Сөөктүн жана муундун онкологиялык ооруларын цементсиз эндопротездөө” темасында доклад жасап, бир секциянын модератору катары да иш алып барды.
Конгресске 12 мамлекеттен 400дөн ашуун делегаттар катышып, ортопедия жана травматология тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Иш-чара өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, бул тармактагы алдыңкы изилдөөлөр, тажрыйбалар жана чечүү жолдору талкууланды.
Кыргызстандын ортопедия жана травматология ассоциациясы да конгресстин уюштуруу иштерине активдүү катышты. Академик Сабырбек Жумабековдун доклады жана модераторлугу илимий чөйрөдө жогору бааланды.