Академик Миталип Мамытов КММАнын студенттери менен жолугушту
Жетишкендик 2 26 Май 2022

2022-жылдын 24-майында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында, Кыргызстандын Баатыры, академик Миталип Мамытов окуу жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Жыйынды кириш сөз менен проректорлор Кеңешбек Ырысов менен Гүлсүнкан Жунушалиева ачышты. Андан соң академик өзү өмүр жолу, эмгек, мугалимдик жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу баяндап, жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Жыйындын соңунда катышуучулар Миталип Мамытовичтин иш-чарага активдүү катышып, маңыздуу маеги үчүн ыраазычылык билдиришсе, академик эң кызыктуу суроолорду берген студенттерге өзүнүн китебин тапшырды.