КММАнын медициналык борборунун реабилитология бөлүмүнүн ачылыш аземи болду
Жетишкендик 4 14 Май 2022

Кечээ, 2022-жылдын 13-майында, Кыргызстандын Медициналык академиясынын жатаканасынын 9-имаратында КММАнын Медициналык борборунун реабилитациялоо бөлүмүнүн ачылыш болуп өттү.

Ачылыш аземи окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенованын куттуктоосу менен башталып, ал өз сөзүндө бул иш-чаранын окуу жайдын жана Кыргызстандын көп улуттуу калкынын жашоосундагы маанисин белгиледи.

Андан ары куттуктоо сөзүндө КР УИАнын академиги Миталип Мамытов сөз сүйлөп, реабилитация бөлүмүнүн даңкы жылдан-жылга арта беришине тилектеш экенин билдирди, КММАнын Медициналык борборунун директору Муктарбек Искаков реабилитология бөлүмү бардык керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалганын белгилей кетти, КММАнын клиникалык реабилитология кафедрасынынбашчысы Жаңыл Сманова жана профессор Георгий Белов да сөз сүйлөштү.

Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Кеңешбек Ырысов, илимий жана дарылоо иштер боюнча проректор Ниязбек Маматов, укуктук иштер жана адам ресурстары боюнча проректор Темирбек Жуманалиев, мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева, КММАнын кызматкерлери, университеттин ординаторлору жана студенттери катышышты.

Ачылыш аземинде салтка айланган кызыл лентаны кесүү укугу ректор Индира Орозобаевнага жана академик Миталип Мамытовичке берилди.

Ачылыш аземине университеттин студенттери кызыктуу концерттик программа даярдашты.