КММАнын студенти жана окутуучусу “КМШнын мыкты студенти – 2022” жана “КМШнын мыкты мугалими – 2022” ордендери менен сыйланды
Жетишкендик 1 30 Май 2022

КММАнын студенти жана окутуучусу “КМШнын мыкты студенти – 2022” жана “КМШнын мыкты мугалими – 2022” ордендери менен сыйланды

КММАнын профессор Е.М. Миррахимов атындагы Факультеттик терапия кафедрасы эл аралык илимий уюмдар менен жигердүү кызматташат. Ошондой эле кафедрада «Нефрон» ийрими иштейт. Кружоктун жетекчиси м.и.к, доценттин милдетин аткаруучу Муркамилов Илхом Төрөбекович.

КММАнын Дарылоо иши факультетинин 6-курсунун студенти Батырбеков Исламбек Замирбекович “Нефрон” ийриминин жүрүшүндө аткарган иштери үчүн “КМШнын мыкты студенти-2022” эл аралык сыйлыгы менен сыйланды.

Ал эми, ийрим жетекчиси Илхом Муркамилов «КМШ мамлекеттеринин мыкты мугалими-2022» ордени менен сыйланды.