КММАнын студенти “КМШнын эң мыкты студенти – 2023” наамы менен сыйланды
Жетишкендик 1 18 Апрель 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Фармацевтика факультетинин 3-курсунун студенти Айжана Абдымомунова 7-Эл аралык “Жаштар жана илим” конференциясында “КМШнын 2023-жылдагы эң мыкты студенти” наамына ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана диплом менен сыйланды.

  

Белгилей кетсек, Эл аралык сынак “Бөбек” улуттук кыймылы тарабынан уюштурулуп КМШ өлкөлөрүнүн илим, билим, искусство жана спорттун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон мыкты жаш студенттерге арналган.

Мелдеш Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Россиянын жаш окумуштуулары катышкан.