Жетишкендик
5 Февраль 2025
Сыймыктануу менен жагымдуу жаңылыкты бөлүшкүбүз келет. Балдар хирургиясынын студенттик илимий ийрими командасы 2024 –жылдын 4 - 6–декабрында Новосибирск Мамлекеттик медициналык университетинде хирургия боюнча жыл сайын өтүлүүчү эл аралык олимпиадага катышып, жыйынтыгында ардактуу 2-орунду ээледи.
Олимпиада жалпысынан 17 түрдүү сынактан турду.Бул сынактарда ийримдин жетекчиси У. Б. Мирзаев башында турган биздин студенттер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. КММАнын командасынын атынан “Педиатрия” жана “Дарылоо иши” факультеттеринин 2-4-курстарынын төмөнкү студенттери катышышты :
- Абдыкадырова Аксаамай
- Сабыкенов Сыймык
- Нурланова Айкерим
- Авазова Арууке
- Рысбек к Ханзаада
- Туйгунова Даткайым
- Канат у Аблайхан
- Токонова Салтанат
- Садырбекова Мырзайым
- Калыкова Арууке
- Таштемиров Сыймык
- Эшимбекова Замира
- Токтогулов Дастан
- Джамбулканов Элдияр
- Карыпбаева Арууке
- Орунбай к Аделина
- Тилебалдиева Сезим