КММАнын студенттери Башкортостанда өткөн эл аралык олимпиадада 2-даражадагы дипломго ээ болушту
Жетишкендик 1 2 Июнь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери хирургия боюнча Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык студенттердин эл аралык олимпиадасында 2-даражадагы диплом жана кубокту алышты.

Олимпиадага Россиянын бардык аймактарынан жалпысынан 12 команда катышты.

Команданын түзүмү: Мухамедов Бектурсун, Маткасимов Арлен, Токтосунов Автандил, Жумабай у Адилет, Байысбек кызы Асел, Кожобекова Арууке. Жетекчиси: профессор Сыдыгалиев Кылычбек.