КММАнын студенттери С.Д.Асфендияров атындагы КазУМУда өткөн эл аралык олимпиадага катышты
Жетишкендик 0 7 Июнь 2022

2022-жылдын 27-апрелинде Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде» илим күнүнө арналган «Жалпы медицина мектеби-1» эл аралык студенттик олимпиадасы болуп өттү.

  

Биохимия дисциплинасы боюнча секцияга “Англис тилинде окутуучу Дарыло иши факультетинин 2-курсунун студенттери Рави Пармар, Нареш Кумар, Акшай Нанасахеб Дханде, Махендра Кумар Кашяп жана Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти Зикиров Эльмар, Бердибаева Айсулуу, Салижанов Хабибулла катышышты. А.Ж.Жумалиева атындагы биохимия кафедрасы жана жалпы жана биоорганикалык химия курсу кафедрасынын окутуучулары катышуучуларды олимпиадага активдүү даярдады.

Олимпиаданын жыйынтыгында Зикиров Эльмар жана Махендра Кумар Кашяп Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн башка ЖОЖдорунан келген 31 катышуучунун ичинен 2-орунга ээ болушту. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү диплом жана кубок менен сыйланышты. Бул олимпиадада кафедра башчысы Ж.Махмудова жана кафедранын доценти Б.Дюшеева калыстар тобунда болушту.