Терапевтикалык стоматология кафедрасынын жамааты окуу усулдук колдонмолорду кызматкерлерге бекер таратышты
Жетишкендик 2 27 Январь 2023

Иса Ахунбаев атындагы КММАда 2005-жылдары эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн шарттар каралып, 2009-жылы атайын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору ачылган. Ошондон бери аздыр-көптүр иштер жасалып, бүгүнкү күндө ал процесс бир топ жолго коюлду.

Ар бир окуу жайда окутуу ишмердиги негизги болуп эсептелгендиктен, мамлекеттик тилде окуу усулдук колдонмолорду (ОУК) басып чыгаруу маанилүү иштерден болуп саналат. Мурунку жылдарга салыштырмалуу ОУКту мамлекеттик тилде басып чыгаруу 3 эсеге өскөн. Бул иштер мамлекеттик тил боюнча комиссиянын текшерүүсүнөн эки жолу (медик окутуучулар текшергенден кийин тилчилерден ) өткөрүлөт. Албетте, буга чейин чыгарылган ОУК, айрым сөздүктөр окуу колдонмолорун жазууда пайдаланылып келет. Ал эми мурунку басылып чыгарылган окуу китептери толугу менен талапка жооп берип, катасыз жазылган дегенден алыспыз. Ошого карабастан, аны колдонуп, мүчүлүштүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик тилдеги медициналык окуу китептерин басып чыгаруу келечектин иши.

 Терапевтикалык стоматология кафедрасынын жамааты “Медициналык терминдердин чакан сөздүгүнөн” (М.Ж.Жээналиев) 150 даана жана “Оорулууну текшерүү китепчесинен ”(М.Ж.Жээналиев, Р.Р.Калиев) 150 даана КММА кафедралдарына жана Жогорку медициналык мектебине (мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы Р.Ж.Зайыркуловага) эки аталыштагы колдонмодон 150 даана бекер таратышты.