Медициналык студенттердин улуттук конференциясынын катышуучуларын салтанаттуу сыйлоо
Жетишкендик 0 3 Май 2023

2023-жылдын 3-майында Кыргызстандын Медициналык Студенттеринин Ассоциациясы (AMSA-KG) Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында 2023-жылдагы медициналык студенттердин улуттук конференциясынын катышуучуларын салтанаттуу сыйлоо аземин уюштурду.

Кечеде AMSA.KG сайтында активдүүлүгү менен айырмаланган студенттер сыйланышты.

Окутуу англис тилинде жүргүзүлгөн Дарылоо иши факультетинин 6-курсунун студенти Бхавика Сингх Кыргызстандын медициналык студенттеринин ассоциациясынын ишмердүүлүгүндөгү “MAMA” долбоору үчүн Ардак грамота менен сыйланды.

Эскерте кетсек, КММАнын студенттик кеңеши 2020-жылдан бери AMSA-KG уюмунун мүчөсү.