КММАнын чет элдик студенттердин ийгилиги
Жетишкендик 3 26 Апрель 2021

2021-жылдын 19-апрель күнү “Салымбеков университетинде” гуманитардык жана табигый илимдер багытындагы онлайн олимпиада болуп өттү. Кыргыз тили сабагы боюнча И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын дарылоо иши факультетинин чет элдик студенттери Абдуллах Шадаб 2-орунга жана Секендар Секх 3-орунга ээ болушту. Жетекчилери кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Саламат кызы Альмира, Нуриза Бейшенова.

Ошондой эле, Илим күндөрү – 2021 Эл аралык илимий Форумундун алкагында аталган факультеттин 4-курсунун студенти Випин “Элдик медицина салттуу медицинанын пайдубалы” деген темада Индия жана кыргыз элинин элдик медицинасын салыштырып кыргыз тилинде доклад окуп, 2-орунга татыды. Илимий жетекчиси п.и.к., доцент  Эльмира Абдырасулова.