Баткенде И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынды
Жетишкендик 2 28 Июнь 2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чарага КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, окуу жайдын проректорлору, кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Айта кетсек, бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.